Бүгүн, 30-ноябрда өлкө аймактарында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолдор тоңголок, тайгак болот.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +7…+12;
 - Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7;
 - Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…+3;
 - Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +6…+11;
 - Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +10…+15;
 - Бишкекте түнкүсүн -3…-5, күндүз +4…+6 градус .
 
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.



