7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БШК бүгүн журналисттер менен талапкерлерге техникалык ката тууралуу түшүндүрмө берет

1870

Добуш берүүнүн жүрүшү, БШК сайтында маалыматтарды чагылдырууда 2021-жылдын 28-ноябрында болгон механикалык ката тууралуу маалымат берүү үчүн БШК Жарандык көзөмөл комитети менен биргеликте жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу БШКнын сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жарандык көзөмөл комитети менен биргеликте 2021-жылдын 1-декабрында, саат 14:00дө шайлоого катышкан саясий партиялардын жана ЖМКнын өкүлдөрү менен добуш берүүнүн жүрүшү, БШК сайтында маалыматтарды чагылдырууда 2021-жылдын 28-ноябрында болгон механикалык ката тууралуу маалымат берүү үчүн жолугушуу өткөрөт.

Учурда АЭУлардан алынган добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы жарыяланды. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык, бул юридикалык мааниге ээ болбогон, алдын ала маалымат болуп эсептелет, ал эми добуш берүүнүн жыйынтыгы добуштарды кол менен саноонун натыйжасы боюнча аныкталат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1871