7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук банк «Өмүр сакчыларына таазим!» коллекциялык жез-никель монетасын чыгарды

646

Улуттук банк 2021-жылдын 1-декабрынан тартып Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын урматына «Тарыхый окуялар» сериясынан «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине 30 жыл» коллекциялык монетасын, ошондой эле саламаттыкты сактоо жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, ыктыярчыларга жана COVID-19 пандемиясын жеңүү үчүн эмгектенип жаткан бардык адамдарга ыраазычылык билдирүү катарында «Өмүр сакчыларына таазим!» коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КМШ эмблемасы «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине 30 жыл» коллекциялык күмүш монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжети болуп эсептелет. Монетанын төмөн жагында анын номиналы «10 сом» көрсөтүлгөн. «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине 30 жыл / Содружеству Независимых Государств – 30 лет» деген жазуу монетанын четине тегерете жайгаштырылган.

“Өмүр сакчыларына таазим!” коллекциялык жез-никель монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары коронавирус инфекциясынын пандемиясын жеңүү үчүн өз жанын аябастан эмгектенген ар кандай кесиптердин ээлери менен ыктыярчылардын өкүлдөрүнүн элестери берилген. Монетанын жогору жагында табияттын ойгонуп келе жаткандыгын билдирген таңкы шүүдүрүм менен жаңы жашоону түшүндүргөн таңдын жаңыдан атышын элестеткен абстрактуу сүрөт чагылдырган. «Өмүр сакчыларына таазим! / Спасибо за жизнь!» деген жазуу монетанын четине тегерете жайгаштырылган. Монетанын төмөн жагында номиналы «1 с» берилген.

Ар бир коллекциялык монета акрил капсуласына жайгаштырылып, өзүнчө кутучага таңгакталган, күмүш монетасы сапатын тастыктаган сертификатка ээ. Улуттук валютанын коллекциялык монеталары Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

Коллекциялык монеталар Улуттук банктын имаратында жайгашкан кассаларда иш күндөрү саат 9.00дөн 15.00гө чейин, ошондой эле www.numizmat.nbkr.kg веб сайты аркылуу да сатылат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

647