7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

АЭУнун жана кол менен саноонун маалыматтарын салыштырып текшерүү боюнча топ түзүлдү

738

АЭУнун жана кол менен саноонун маалыматтарын салыштырып текшерүү боюнча топ түзүлдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жарандык көзөмөл комитети менен биргеликте парламенттик шайлоого катышкан саясий партиялардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө 28-ноябрда шайлоодо сайтта маалыматтарды көрсөтүүдө келип чыккан механикалык катанын себептери түшүндүрүлдү.

БШК бүгүнкүгө карата участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан добуштарды кол менен саноонун аяктаганын, ал партиялардын өкүлдөрүнүн, талапкерлердин, ошондой эле коомдук байкоочулардын катышуусунда өткөрүлгөндүгүн түшүндүрдү.

Учурда округдук шайлоо комиссиялары участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун маалыматтарын серверге жүктөөнү аяктады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

739