7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жылына 8 млн сом айланткан ишкерлер салыктан бошотулат, бирок талаптар дагы бар

909

Жылына 8 млн сом айланткан ишкерлер салыктан бошотулат, бирок талаптар дагы бар. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда «Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү  жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.

Бул Жарлыкта жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейин болгон ишкерлик субъекттерди салыктан бошотуу каралган. Мындан тышкары, толук кандуу аналитикалык платформаны ишке киргизүү максатында төмөнкү талаптар болот:

  • ККМ-онлайнды милдеттүү колдонуу;
  • электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү колдонуу;
  • киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө;
  • жер салыгын, мүлк салыгын төлөө (бар болсо);
  • импорттук-экспорттук операциянын жок болушу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

910