7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жумгалда жол кырсыгынан 3 адам каза болду

768

Жумгалда жол кырсыгынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жумгал районунун Баш-Кууганды айылында “Субару Форестер” менен “КамАЗ” унаалары кагышкан. Жол кырсыгынан жеңил унаанын 34 жаштагы айдоочусу, Б.Э. аттуу жүргүнчүсү окуя болгон жерде көз жумган. Ал эми 29 жаштагы С.Ч. аттуу жүргүнчүсү Жумгал аймактык ооруканасына жеткирилип, ооруканадан каза болгон.

“Субару Форестердин” дагы эки жүргүнчүсү райондук оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылган.

Жол кырсыгы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

769