7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Анталияда кыргыз кыздын 10 миң долларын уурдаган жаран кармалды

2210

Анталияда кыргыз кыздын 10 миң долларын уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу «Хаберлер» маалыматтык сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кыргызстандыктын акчасын Германиянын жараны Марк Дроммел уурдаган.

«Кыргызстандан барган турист өзүнүн сумкасын фойеге таштап дааратканага кеткен. Келгенде сумкасын таппаган кыргызстандык 10 миң 90 доллар өлчөмүндө акчасы жоголгонун айтып, арыз менен кайрылган. Полиция кызматкерлери видео байкоо камералары аркылуу шектүүнү кармаган. Ал Германиянын Марк Дроммель аттуу жараны болуп чыккан. Марк Дроммелдин отелдеги бөлмөсүн тинтүүдө 7 миң 700 доллар, 5 миң 210 лира, 1 миң 250 сом жана баңгизат табылган. Акча каражат кыргызстандык аялга кайтарылып берилген», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2211