Бишкекте адам тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 9-декабрда Ш.А. аттуу жаран кайрылып, анда саат 04:00 чамасында белгисиз жаран Кара-Жыгач конушунун Исакеев көчөсүнөн күч колдонуу менен «Редми» үлгүсүндөгү 15 миң сомдук телефонун жана 1 миң 200 сом өлчөмүндөгү накталай акчасын алып кеткенин билдирген.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин «каракчылык» негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары улантылууда.