Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Сыргак Айткурмановду Бишкектеги борбордук мечиттин жанындагы кафелердин биринен катуу сабап кетишти. Бул тууралуу Kaktus.media сайты өздүк булактарына таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 13-декабрда таңга маал болгон.
Ал оор абалда Бишкектеги ооруканалардын бирине жеткирилген, бирок алган жаратынан улам ошол жерде көз жумган.