7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дубайда «Кыргызстан — Бириккен Араб Эмирлиги» аталыштагы бизнес-форум өтөт

684

Дубайдагы ЭКСПО-2020 көргөзмөсүнүн алкагында «Кыргызстан — Бириккен Араб Эмирлиги — 2021» аталыштагы бизнес-форум өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара бүгүн, 13-декабрда өтөт жана ал Соода-өнөр жай палатасы жана Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттиги тарабынан БУУнун өнүктүрүү программасынын соодага көмөктөшүү боюнча долбоорунун колдоосу менен уюштурулууда.

Бизнес-форумдун катышуучуларын жана конокторун КРнын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев, Дубайдын Соода-өнөр жай палатасынын эл аралык кызматташуу боюнча вице-президенти Засан Аль Хашеми жана КРнын Соода-өнөр жай палатасынын ага вице-президенти Роман Касымов тосуп алып, сөз сүйлөшөт.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө видео тартууланып, андан соң бир катар макулдашууларга, меморандумдарга, келишимдерге кол коюу аземи өтөт.

Программанын кийинки бөлүгү презентациялар сессиясына арналган. Анда КРнын инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрү, ата мекендик компаниялардын ишмердүүлүк багыттары чагылдырылат.

Бизнес-форум В2В форматындагы сүйлөшүүлөр менен аяктайт. Бизнес-форумга Кыргызстандан 40тан ашуун жана БАЭден 70ке жакын компаниялардын катышуусу күтүлүүдө.

Ишкерлер эки тараптан пайдалуу кызматташуунун шарттарын жана жолдорун түздөн-түз талкуулоого мүмкүнчүлүк алышат. Кыргызстан тараптан компаниялар тамак-аш өнөр жайы, IT-индустрия, айыл-чарба, энергетика, курулуш, таза сууну өндүрүү тармактарын тааныштырат.

Белгилей кетсек, аталган бизнес-форум дүйнөлүк көргөзмөнүн алкагында эртең, 14-декабрда өтүүчү КРнын Улуттук күнүнүн алдында уюштурулуп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

685