7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

17 млн 568 миң сом. Сузакта мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды

819

Сузакта баасы 17 млн 568 миң сомду түзгөн балдар бакчасынын имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган 2 кабаттуу бала бакча 0,42 гектар жер участогу менен Жалал-Абад облустук мамлекеттик мүлк фондунун 1993-жылдын 30-апрелиндеги токтомунун негизинде “Ж.Ш.” акционердик коому тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталган.

Аталган социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында, райондук прокуратура тарабынан сот органдарына доо арыз жөнөтүлгөн.

Баасы 17 млн 568 миң сомду түзгөн балдар бакчасынын имараты 0,42 гектар жер аянты менен бирге муниципалдык баланска кабыл алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

820