Издөөгө алынган милиция кызматкери кармалды. Ал Октябрь РИИБинин кызматкери экендиги аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкери «С.Р.» кызматынан кыянаттык менен пайдаланып «О.А.» аттуу кыргызстандык жаранды алдап 135 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү акчасын ээлеп алып, кайра кайтарып бербей койгон.
Аталган факты боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту жана 4-пункту (“Кызматтык абалынан пайдаланып, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык”) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Аталган кызматкер издөөгө алынып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы (сыртынан) тандалган. 12-декабрда ыкчам издөө иш-чарасынын жүрүшүндө, анын жүргөн жери аныкталган. Ал Чүй облусунун Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылынан тергөө органдарынан жашырынып жүргөн жеринен кармалган. Азыркы учурда ал аталган иш боюнча тиешелүү ыкчам тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык УКМК тергөө камак жайына киргизилди.