Кечээ, 12-декабрда Москва шарынын Кыргыз диаспорасынын кеңсесинде «Келгиле кыргыз тилинде сүйлөйбүз!» долбоорунун экинчи сезону ачылып өз ишин баштады. Бул тууралуу МИРВАМ окуу борборунун директору Адышева Роза билдирди.
Маалыматка ылайык, бул ачылышка КР элчилиги, Кыргыз диаспорасынын жетекчилиги, Москва шаарынын кыргыз тили коомунун өкүлчүлүгү, «МИРВАМ» окуу борбору, Агартуу билим борборунун мугалимдери, коомдук уюмдардын жетекчилери, ата- энелер, жаш жеткинчектер катышып, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана кыргыз улуттук адабият күнү белгиленди.
Биринчи сезондун бүтүрүүчүлөрү өз өнөрлөрүн көргөзүшүп жаңы келген топко окуу курсунун символикалык ачкычын тапшырышты.
Жыйында катышкандар, өз сунуш- пикирлерин, каалоо- тилектерин айтышып, соңунда Чынгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюшту.