7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө жарандын телефонун, 15 миң сомун уурдап кеткен өспүрүм кармалды

807

Чүйдө уурулукка шектелип өспүрүм кармалды. Бул тууралуу ОИИБнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-октябрда 35 жаштагы Б.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда анын 18 миң сомдук телефонун жана 15 миң сом акча каражатын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 205-беренеси (“Уурдоо”) боюнча катталган.

Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү 17 жаштагы К.А. аттуу өспүрүм кармалган.

Учурда шектүү тергөө кызматына өткөрүлүп, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

808