7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эки кабаттуу үй күйүп кеткен. Бир суткада 17 өрт кырсыгы катталды

756

Бир суткада 17 өрт кырсыгы катталып, жалпы 21 бөлүм тартылган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 3, Ысык-Көл облусу 3, Нарын облусу 2, Чүй облусу 3, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

  • Жалал-Абадда Көк-Арт кичирайонунда турак үйдүн 2 чарчы метр морунун айланасы күйгөн. Өрт мештерди пайдаланууда өрт коопсуздук эрежесинин бузулушунан келип чыккан.
  • Нарында Кочкор айылында райондук оорукананын имаратында бөлмөнүн 15 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.
  • Сокулук районундагы Ак-Ордо 2 конушунда жалпы аянты 400 чарчы метр эки кабаттуу үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
  • Сокулук районундагы Сокулук айылында жыгач устундуу тунуке менен жабылган мечиттин 70 чарчы метр чатыры жана от жагуучу бөлмөсү күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

757