Алсак, Алматыдагы кошумча аэродромго 3 учак конду – Стамбулдан «Турецкие авиалинии», Дубайдан «Флай Дубай» жана Москвадан «Аэрофлот». Ошондой эле, «АвиаТраффик» компаниясынын учагы Оштогу кошумча аэродромго конду. Кошумчалай кетсек, «Эйр Астана» авиакомпаниясынын Нур-Султан жана Алматыдан уча турган каттамдары да кармалууда.

«Аба каттамдары боюнча маалыматты «Манас» жана «Ош» аэропортторунан төмөнкү номерлер аркылуу тактап алсаңыздар болот: «Манас» 0 312 693109, «Ош» 0 3222 90101. Урматтуу жүргүнчүлөр жана коноктор, түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз! Биз үчүн коопсуздук баарынан артык!” — деп айтылат маалыматта.