Австралияда катуу шамалдан улам батут учуп кетип, андагы беш бала каза болду. Дагы төрт бала ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу “9news” жергиликтүү маалымат булагы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя Тасмания аралында Девонпорт башталгыч мектебинин окуу жылын аягында жыл сайын салттуу түрдө уюштурулуучу пикник учурунда болгон. Уюштуруучулар мектептин короосуна балдар үчүн батут орнотушкан.
Капысынан соккон катуу шамал батутту 10 метр өйдө көтөргөн. Батут кайра жерге түшкөндө беш бала ошол жерде каза болгон. Төртөө ооруканага жеткирилип, алардын абалы орто деп бааланууда.