Бир суткада 17 өрт кырсыгы катталып, жалпы 21 бөлүм тартылган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 3, Ысык-Көл облусу 3, Нарын облусу 2, Чүй облусу 3, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
- Жалал-Абадда Көк-Арт кичирайонунда турак үйдүн 2 чарчы метр морунун айланасы күйгөн. Өрт мештерди пайдаланууда өрт коопсуздук эрежесинин бузулушунан келип чыккан.
- Нарында Кочкор айылында райондук оорукананын имаратында бөлмөнүн 15 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.
- Сокулук районундагы Ак-Ордо 2 конушунда жалпы аянты 400 чарчы метр эки кабаттуу үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
- Сокулук районундагы Сокулук айылында жыгач устундуу тунуке менен жабылган мечиттин 70 чарчы метр чатыры жана от жагуучу бөлмөсү күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.