7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн “Кыргызстандын тарыхы сүрөттөрдө. Балдар” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү старт алат

913

ЮНИСЕФ БУУнун балдар фонду Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи менен биргеликте, ЮНИСЕФтин 75-жылдыгына арналган “Кыргызстандын тарыхы сүрөттөрдө. Балдар” аталышындагы сүрөт көргөзмөсүн өткөрөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Көргөзмөгө 1946-жылдан тарта, башкача айтканда ЮНИСЕФ түзүлгөн жылдан тарта тартылган 50 архивдик сүрөт коюлат. Иш-чаранын максаты, балдардын сейрек кездешүүчү сүрөттөрү аркылуу өлкөнүн тарыхын ачып берүү.

“Сүрөт көргөзмө 17-декабрда саат 14:00дө КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, өнөктөштөр, ММК өкүлдөрүнүн катышуусунда ачылат. Ал эми сүрөттөрдү көрүп кетүүнү каалаган мекендештер үчүн музейдин эшиги 2 жума бою ачык болот”, — деп берилет маалыматта.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

914