7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Медакадемиянын №7 жатаканасынын дубалына медиктерге арналган сүрөт тартылды

933

Бишкекте Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын №7 жатаканасынын дубалына медиктерге арналган сүрөт тартылды. Дубалга тартылган сүрөт социалдык тармактарга тарады.

Такталгандай, сүрөттү академиянын буйрутмасы менен скульптор-сүрөтчү Марлен Бакачиев тарткан.

«Бир нече вариант бар эле. Окуу жайдын жетекчилиги азыркы сүрөткө токтолду. Аба ырайы жакшы болбогондуктан командабыздын иши үч аптага созулуп кетти. Сүрөттүн жалпы аянты 200 чарчы метр», — дейт ал.

Дубалдын бир бөлүгүндө жылмайган Адинай Мырзабекованын элеси түшүрүлгөн. 21 жаштагы Адинай коронавирус күч алып турган учурунда Бишкектеги стационарлардын биринде ыктыярчы медайым болуп иштеген. Ал былтыр, 13-июлда көз жумган. Саламаттык сактоо министрлиги анын өлүмүнө эки тараптуу пневмония илдети себеп болгонун айткан. Кызга каза болгондон кийин Эрдик медалы берилген.

Ал эми дубалдын экинчи бөлүгүндө медицина кызматкерине гүл сунуп жаткан кичинекей кыз көрсөтүлгөн.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

934