Таласта жол кырсыгынан эки бала каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 17-декабрда Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунда Mercedes Benz үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жол четиндеги тосмону сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 2007-жылы туулган Б. у Б. жана И.Ж аттуу 2 өспүрүм жабыркап, ооруканага жетпей тез жардам кызматынын унаасында каза болгон.