7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош: Баяман Эркинбаевдин элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир өтүүдө

905

Ошто Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир өтүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эл аралык турнир Ош шаарында эки күн катары «Алыш» спорт комплексинде өтөт. Бул турнирге вице-мэр Венера Рыскулова, грек-рим күрөшү боюнча Ош шаардык жана облустук федерациянын президенти Семетей Козуев, спортчулар жана машыктыруучулар катышты.

Ошондой эле турнирде Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандан 300дөн ашык спортчу күч сынашып, Акжол Махмудов жана башка спорт чеберлери дагы бар.

Белгилей кетсек, мелдештин жеңүүчүлөрү баалуу белектер менен сыйланат.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

906