7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россияда 3 жашар кыздын өлүмүнө шектелип жаткан кыргызстандык аялга кылмыш иши козголду

1045

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында уруксаты жок бала багуучу болуп иштеп жүргөн кыргызстандык аял эки жаштагы кыздын өлүмүнө шектелип, ага карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгууда.

Маалыматка караганда, Мурино шаарчасындагы мыйзамсыз иштеп жаткан бала бакчада 2019-жылы туулган кичинекей кыз каза болгон. Ал 27-январдан тарта ооруп, кыйналып жаткан. Бирок, бала багуучу аял дарыгерлерди чакырган эмес. Бир күн өткөндөн кийин, 30-январдын таңында кыз каза болуп калган.

Белгилүү болгондой, 2021-жылдын ноябрь айында, кыздын апасы, Өзбекстандык 34 жаштагы аял чүрпөсүн кыргызстандык бала багуучуга таштап кеткен. Кыз ошол күндөн тарта Наука проспектисиндеги батирлердин биринде мыйзамсыз уюштурулган бала бакчада жашап келген.

Ал эми өткөн бейшемби күнү кыздын ооруп жатканы байкалган. Бирок, бала баккан аял мыйзамсыз иштеп жүргөнү билинип калат деп чоочулап, дарыгерлерге кайрылбай койгон. Анын көрсөтмөсүнө ылайык кичинекей кыз 30-январь күнү дем албай калган. Ошондо гана аял кыздын ата-энесине кабар берген. Кыздын апасы батирге келгенде чүрпөсүнүн денеси көк ала экенин байкаган. Ал эми дарыгерлер кыз эки күн мурун эле жан бергенин тастыкташкан.

Мындан улам, мыйзамсыз бала багып жүргөн аялга Россиянын “ Керектөөчүлөрдүн өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген кызматтырды көрсөттү” деген беренеге ылайык кылмыш иши козголду. Ал алты жылга чейин эркининен ажыратылышы мүмкүн. Аялга карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандоо боюнча сотко арыз даярдалган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1046