7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чиновниктерге бюджеттен унаа сатып алууга тыюу салынды

790

1-марттан тарта мамлекеттик сатып алууларга чектөө киргизилет. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, президенттин “Республикалык бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык, министрлер кабинетине 2022-жылдын 1-мартына чейин республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, 2022-2023-жылдарга мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууну тапшырды.

2022-жылдын 1-мартынан тартып министрликтерге, административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана башка органдарга кызматтык унааларды сатып алууга жана бюджеттик каражаттардын эсебинен административдик имараттар менен кызматтык жайларда капиталдык ремонтту өткөрүүгө тыюу салынат.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал | Седьмой канал (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

791