7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркмөнстандагы президенттик шайлоодо Сердар Бердымухамедов жеңишке жетти

713

Түркмөнстандын учурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыкканын республиканын БШКсы билдирди.

Маалыматка караганда, Бердымухамедовго 72,97 пайыз шайлоочу добуш берген. «72,97 пайыз добуш алган Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Сердар Гурбангулевич Бердымухамедов Түркмөнстандын шайланган президенти болуп таанылды», — деп айтылат билдирүүдө.

Түркмөнстанда президенттик шайлоо 12-мартта өткөн. Расмий маалыматтар боюнча шайлоого 3 миллион 362 миң 52 адам катышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

714