19-20-март күндөрү өлкөдө туруксуз аба-ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Маалыматка ылайык, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз -2…+3;
- Талас жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз -2…+3;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 5…10;
- Ысык-Көлоблусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;
- Нарыноблусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5;
Ал эми Бишкек шаарында суу кар жаайт. Абанын түнкү температурасы 0…-2°, күндүзгү температурасы 1…3° болот.