Эртең, 30-мартта Бишкек шаарында жаан, кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Маалыматка ылайык, тоолуу райондордо кар жаайт. Бийик тоолордо абанын температурасы түнкүсүн -18…-23, күндүз 0…-5 градус болот.
Ал эми, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда түнкүсүн жаан, кар жаайт. Баткен, Талас облустарында жаан жаабайт.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн -1…-3, күндүз 8…13;
- Талас жергесинде түнкүсүн -2…-4, күндүз 6…11;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9;
- Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9;
- Бишкекте түнкүсүн -1…-3, күндүз 10…12 градус болот.