7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров ар кыл конфессиялардын өкүлдөрү менен көчөт отургузууга катышты

642

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Жашыл мурас» улуттук кампаниясын жана «2021-2026-жылдарга КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын» ишке ашыруу алкагында Кыргызстандагы ар кыл конфессиялардын өкүлдөрү менен көчөт отургузууга катышты.

«Көчөттөрдү отургузуу – бул борбор шаарыбызды жашылдандыруу жана өлкөдөгү ар түрдүү конфессиялардын жана жарандардын биримдигин чыңдоо гана эмес, ошондой эле жаратмандык процесс. Дүйнөдө тынымсыз өзгөрүүлөр болуп жаткан учурда бизге биримдик жана ынтымак болуп көрбөгөндөй зарыл», — деп белгиледи Министрлер кабинетинин төрагасы.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттин директору Тойгонбай Абдыкаров белгилегендей, бул иш-чаралар 2018-жылы түзүлгөн Конфессиялар аралык кеңештин алкагында өткөрүлүүдө.

«Кеңеш 17 диний уюмдун өкүлдөрүн бириктирет жана анын негизги максаты — конфессиялар аралык диалогду, ар кандай көз караштарды жана ишенимдерди сыйлоо принциптерин, сабырдуулукту жана диний сабырдуулукту бекемдөө, ошондой эле радикалдашуунун алдын алуу.

Белгилей кетсек, иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Бишкек шаарындагы «Ынтымак» сейил багына көчөт отургузуп, анын аймагын тазалашты. Иш-чарага Дин иштери боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери, диний жана бейөкмөт уюмдардын, диний окуу жайлардын өкүлдөрү катышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

643