7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Прокуратура: Таласта электр тармагына келтирилген 5 миллион 475 миң сомдук зыян өндүрүлдү

731

Талас облустук прокуратурасы тарабынан жогорку чыңалуудагы тармактар аркылуу ири өнөр жай керектөөчүгө жеткирип берүүдө электр энергиясын кем эсепке алуу боюнча кылмыш ишинин тергөөсү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Тергөөдө Талас жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын жооптуу адамдары «Чат-Базар» көмөк чордонун кайра конструкциялоодо энергия жабдууларын куроо жана жөндөө учурунда өзүнүн кызматтык милдеттерине шалаакылык мамиле кылгандыктан, мамлекетке 5 миллион 475 миң 34,52 сом зыян келтирилгендиги аныкталган.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн материалдык зыян толугу менен өндүрүлүп, аталган ишкананын жооптуу кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартылышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

732