7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-өзбек алакасы. Лейлекте 3,5 миллион долларлык мектеп пайдаланууга берилди

785

Президентинин чек арага жакын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин төртүнчү жыйынынын алкагында Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айылындагы М.Баетов атындагы жалпы билим берүүчү мектептин ачылышы болду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов видеоконференцбайланыш режиминде мектептин ачылыш салтанатына катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, мектептин ачылышы – эки элдин ортосундагы чоң достуктун символу.

«Эки өлкө ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшү биздин кылымдар бою келе жаткан бир туугандык, достук жана коңшулук мамилелерибиздин натыйжасы болуп саналат. Баткен облусу Өзбекстандын Фергана облусу менен чектешет жана биз өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө чектеш кызматташтыкты кеңейтүүнү жана өнүктүрүүнү жактайбыз. Өзбекстандын жетекчилигине Баткен облусуна бул билим берүү мекемесинин курулушуна көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирем. Бүгүнкү окуя биздин бир туугандык байланыштарыбыз уламдан-улам чыңдалып, өнүгүп жаткандыгынын далили», — деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Өзбекстандын премьер-министри бул сыяктуу иш-чаралар аркылуу эки бир тууган элдин ортосундагы достук мамилелер чыңдала берет деп белгиледи жана Кыргызстанга тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Белгилесек, мектепти куруу жөнүндө макулдашуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жеке демилгеси боюнча 2021-жылдын 11-12-мартында президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанда болгон иш сапарынын алкагында жетишилген.

Эскерте кетсек, 330 орундуу жаңы мектеп имаратынын курулушу 2021-жылдын июль айында башталган. Долбоордун сметалык наркы 3,5 млн АКШ долларын түзүп, ал Өзбекстан тарабынан бөлүнгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

786