7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Мени издебегиле, кечиргиле». Жалал-Абадда 28 жаштагы кыз кат жазып, үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда

1837

Жалал-Абадда Абабакирова Нодирабегим 23-марттан бери дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Күмүш-Азиз айылынын тургуну 1994-жылы туулган Абабакирова Нодирабегим Абабакировна 23-март күнү таңкы саат 05:00 чамасында “мени издебегиле, мени кечиргиле” деген мааниде кат жазып, үйүнөн эч кимге айтпастан чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Учурда Абабакирова Нодирабегимдин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 175-180 см, өңү ак жүздүү, чачы кара узун, кашы, көзү кара.

Кийген кийимдери: Башында жашыл түстөгү жоолук, үстүндө кызыл түстөгү узун көйнөк, сары түстөгү кемзир, бутунда кара түстөгү тапочка болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Абабакирова Нодирабегим Абабакировна тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, (03748) 5 02 09, 0556 84 84 58 номурларына чалсаңыздар болот.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1838