Ала-Бука райондук прокуратурасы тарабынан Жалал-Абад областтык капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтирген фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад областтык капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл өкмөтүнүн Жаңы-Шаар айылына 150 орундуу мектеп курууда өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан. Иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарга мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын которушуп, жумуштун жүрүшүнө тийиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзбөй, натыйжада мамлекетке 8 млн 845 миң 500 сомдук зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.