Опузалап акча талап кылуу жана адам уурдоо фактысы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пункту (баңги каражаттарын психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде адам уурдоо, опузалап акча талап кылуу жана өлтүрөм деп коркутуу фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын алкагында, 2-апрелле Кыргызстандын жарандары кармалды.
Буга чейин УКМКга жазуу түрүндө жаран кайрылып, анын тууганын уурдап, физикалык күч колдонуп, белгисиз даректеги ижарага алынган батиринде кармап тургандыгы, уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, кармалгандар («Дөө» каймана аты менен белгилүү) Чыңгыз Жумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобуна катышы бар экендиги такталган. Учурда кармалгандарга карата тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, алардын бири УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.