Ош шаарында мечиттерде уурулук жасап жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.
Кылмышка шектелип кармалган жарандын 1995-жылы туулгандыгы, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну экени аныкталган. Ал Ош шаарына келип, мечиттерге намаз окуганы келген жарандардын алаксып калгандыгынан пайдаланып, аларга таандык болгон буюмдарды: телефон, акча, сумкаларын уурдап, изин жашырып жүргөн. Бүгүнкү күндө жабырлануучулардын саны 20га жакындаган.
Кармалган жаран уурдалган буюмдарын арзан баада соодагерлерге өткөрүп турган. 3-апрель күнү шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө кызматынын алгачкы маалыматына караганда, шектүү буга чейин Бишкек шаарында дагы ушундай кылмышы үчүн соттолуп чыккан.