7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Парламент Башкы прокурордун отчётун канааттандырарлык деп тапты

821

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Башкы прокурорунун 2021-жылдагы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндөгү отчетун канааттандырарлык деп табышты. Бул боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Аталган маселе боюнча Башкы прокурор Курманкул Зулушев баяндама жасады. Жыйын «суроо-жооп» форматында өттү.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар өлкөдөгү мыйзам бузуу фактыларына көңүл буруп, прокуратура органдарынын жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча өз сунуштарын айтышты. Ошондой эле, парламентарийлер мыйзамдарды колдонууда адилеттүүлүк принциптерин сактоо зарылдыгын баса белгилешти.

Депутат Айбек Маткеримов жер мыйзамдары жаатындагы мыйзам бузуулар жана мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык объектилердин кайтарылышы боюнча суроолорду көтөрдү. Депутат Эльвира Сурабалдиева менен Нуржигит Кадырбеков каржы пирамидалары боюнча суроолорду берип, ФИНИКОнун ишмердүүлүгүнөн жапа чеккендер бул маселени көзөмөлгө алууну суранып жатканын кошумчалашты.

Депутат Шайлообек Атазов баяндамада көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардагы көптөгөн мыйзам бузууларга көңүл бурду. Башкы прокурору прокурордук чара көрүү актыларына ылайык, негизинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү дисциплинардык жоопкерчиликке тартылышкан деп жооп берди. Депутат Өмүрбек Бакиров чет өлкөдө соттолгон кыргызстандыктар, алардын укуктарын коргоо жана Кыргызстанга экстрадициялоо маселелерине токтолду. Депутат Эмил Жамгырчиев укук коргоо органдарынын тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын, прокуратуранын ишин көзөмөлдөө маселесин көтөрдү. Ал эми Гуля Кожокулова Башкы прокурордун көңүлүн республикадагы баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө байланыштуу маселелерге бурду.

Ошондой эле депутаттар прокуратура органдарынын негизги күч-аракети коррупция менен күрөшүүгө, укуктарды жана мыйзамдуу кызыкчылыктарды сактоого, мыйзамдуулукту камсыздоого, бизнести жана ишкерликти коргоого, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталышы керектигин белгилешти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

822