Нарында медайым антисептик сайып алган келин бир нече күндөн кийин ооруканадан чыгат. Бул тууралуу 7-каналга келиндин жолдошу билдирди.
Анын айтымында, келинди дүйшөмбү күндөрү ооруканадан чыгарышы мүмкүн. Учурда эне-баланын абалы жакшы.
Буга чейин Нарын шаарында медайым кош бойлуу келинге шприцтерди алмаштырып, антисептик сайып алганы маалым болгон. Жолдошу 7-каналга келин төрөт үйүнө 39 жумалык кош бойлуу кезинде барганын, кесарево операциясы пландаштырылганын, 23-мартта медайым цефазолиндин ордуна хлоргексидин сайганын айткан. Келинге кесарево операциясы жасалып, 3кг 500гр салмактагы дени сак кыз төрөлгөн. Кийинчерээк анын абалы жакшырганы, жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулганы маалым болгон.