Ленинград облусунда сот үй-бүлөлүк чырдан улам өгөй атасын бычактап өлтүрүүгө шектелген 17 жаштагы өспүрүмдүн баш коргоо чарасын карады. Ал 2 ай камакта болот. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, өспүрүм өгөй атасы менен спирт ичимдигин ичип отуруп, уруша кетишкен. Ал бычакты алып, өгөй атасына шилтеген. Кишинин жансыз денеси ошол эле үйдөн табылган.
«Негизги кылмышты иликтөө менен катар тергөөчүлөр бул үй-бүлө кандай шартта жашаганын жана жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу органдары эмне иш алып барышканын да аныкташат»,- деп айтылат маалыматта.