Нарын облусуна караштуу Жумгал суусуна эки жашар бала агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кечээ, 7-апрелде Жумгал районунун Чаек айылында эки жашар бала Жумгал суусуна түшүп кеткен. Жерине ӨКМнын 9 куткаруучусу, 8 милиция кызматкери жана 10 жергиликтүү тургун издөө иштерин баштаган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө жергиликтүү тургундар тарабынан баланын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.