Өлкөдө сутка ичинде 15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 4, Чүй облусунда 2, Талас облусунда 1, Нарын облусунда 2, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.