Баткенде бала бакчадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын Раззаков көчөсүндө жеке менчик балдар бакчасынын ажатканасында өрт чыккан.
Жерине куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, өрт толугу менен өчүрүлгөн.
Жабыр тарткандар болгон жок, учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.