Чүйдө 40 жаштагы Карим Ондобеков дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Ондобеков Карим Аликович 2021-жылдын ноябрь айында Чүй облусунун Сокулук районуна Талас облусунан иштөө үчүн келип, ошол бойдон дайынсыз болуп жатат. Аны акыркы жолу 2022-жылдын февраль айларында «Ош базардан» көрүшкөн.
Белгилери: бою 168-170 см, орто дене түзүлүштө, чачы кыска, көзү кара, муруту болушу мүмкүн.
Кийген кийми: кара куртка, кара шым, көк спорттук бут кийим.
Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0(312) 60-75-67, 0(705) 67-39-39 номурларына чалсаңыздар болот.