7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министрлер кабинетинде тоо-геологиялык тармакты өнүктүрүү талкууланды

613

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Монгол Эл Республикасынын өкүлдөрү менен тоо-геология тармагындагы реформалардын тажрыйбасын изилдөө боюнча жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар тоо-кен тармагын өнүктүрүү, пайдалуу кендерди инвентаризациялоодо эл аралык тутумду пайдалануу, тоо-кен тармагындагы мыйзамды тартипке келтирүү, ошондой эле геологиялык-иликтөө иштерин жүргүзүүдө отчеттуулуктун эл аралык стандарттары талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, тоо-кен тармагы өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарынын бири болуп саналат жана ага акыркы мезгилде мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулууда.

Мындан тышкары, учурда жаңы Тоо кодексин иштеп чыгуу боюнча көлөмдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Өз кезегинде Монголиянын өкүлдөрү тоо-геологиялык тармакты өнүктүрүүдөгү өз тажрыйбасы менен бөлүштү, анда пайдалуу кендердин запастары боюнча отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча комитеттин (КРИРСКО) тутумуна шайкеш келген кен казып алуунун кеңири колдонулуучу эл аралык системасына өтүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

614