7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Асел Чынбаева аз камсыз болгон балдарга ар тараптан колдоо көрсөтүү керектигин белгиледи

527

Бүгүн 12-апрелде балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары жана Ош, Бишкек шаарларынын вице-мэрлери менен балдардын укугун жана кызыкчылыгын коргоону камсыздоо боюнча жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо органдарынын, ошондой эле мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрдүн балдарга тиешелүү маселелер боюнча президенттин жана Министрлер кабинетинин мыйзамдарын, актыларын аткаруу боюнча ишмердүүлүгүн координациялоону чыңдоо боюнча тиешелүү тапшырмалар коюлду.

Негизинен, республикада жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлордун жана социалдык кызматкерлердин натыйжалуу ишин уюштуруу тууралуу.

Асел Чынбаева балдардын билим алуу укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуунун, балдар арасындагы зордук-зомбулуктун, суициддин алдын алуу боюнча профилактикалык чараларды көрүү, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды социалдык жактан коргоону камсыз кылуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата иш-чараларды өткөрүүнн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл аз камсыз болгон балдарды өз убагында аныктап, аларга ар тараптан колдоо көрсөтүү зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

528