7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Орусияда мекендештерин тоноп 2 кыргызстандык камалган». Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады

764

Санкт-Петербургдагы кыргызстандыктар башка мигранттарга кол салып, тоноп кетишкендиги тууралуу КРнын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы Канцеляриясы төмөндөгүлөрдү билдирет. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 11-апрелде Санкт-Петербург шаарынын Выборгский районунда Кыргыз Республикасынын 2 жараны Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренеси (каракчылык) менен каралган кылмыш ишин жасап, бир топ адам менен биргеликте өз мекендештерине каракчылык менен кол салышып, алардын телефондорун жана акчаларын тартып алышкан.

Иштин бардык жагдайларын тактоо жана расмий билдирүү алуу үчүн, КРнын Россия Федерациясындагы элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы Канцеляриясы тарабынан Россиянын тергөө комитетинин Санкт-Петербург шаары боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын Выборгский району боюнча тергөө бөлүмүнө жана Россиянын Санкт-Петербургдун Выборгский району боюнча Ички иштер министрлигине суроо-талап жиберилди.

Бул маселе Министрликтин көзөмөлүндө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

765