7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акы төлөп унаа айнегин күңүрттөө жөнүндө мыйзамга кол коюлду

729

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КРнын “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө”, “Укук бузуулар жөнүндө кодексине”, “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө КРнын кодексине”) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамдын максаты — республикалык бюджетке салыктык эмес келип түшүүлөрдү көбөйтүү жана акы төлөө негизинде транспорт каражаттарынын ээлерине транспорт каражатынын алдыңкы эшиктердин каптал айнектерин күңүрттөөгө мыйзамдуу түрдө уруксат алуу мүмкүнчүлүгүн берүү. Башкача айтканда тартип бузуу, кылмыштуулуктун санын азайтуу менен бирге бюджетке түшчү акча каражатынын көлөмүн көбөйтүү болуп саналат.

Мыйзамдын максаты – транспорт каражаттарынын ээлерине акы төлөнүүчү негизде транспорт каражаттарынын алдыңкы айнектерин күңүрттөөгө мыйзамдуу түрдө уруксат алуу мүмкүнчүлүгүн берүү, башкача айтканда, укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун санын азайтуу.

Мыйзамга ылайык, транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөтүүгө ыйгарым укуктуу өкүлдүн уруксаты жок айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктеринин каптал айнектери күңүрттөлгөн, анын ичинде колдо жасалган, өнөр жайда даярдалган, же болбосо аларга тартылган пардалары же айнектеринде чагылышкан күңүрттөтүүчү жабуусу бар транспорт каражатын башкаруу — жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүчтүн, юридикалык жактарга – 400 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Алымдын өлчөмү жана төлөө тартиби Министрлер кабинетинин чечими менен аныкталат.

Дүйнөлүк практиканын анализи көрсөткөндөй, унаалардын терезелерин караңгылатуу дүйнөнүн жогорку өнүккөн өлкөлөрүндө колдонулат. Мисалы АКШ, Япония, Кытай жана башка ушул сыяктуу өлкөлөрдө. Ошондой эле, транспорт каражаттарынын маңдайкы айнегин жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектерин күңүрттөөгө акы төлөө негизинде бизге жакын кошуна Өзбекстан жана Тажикистан өлкөлөрүндө да уруксат берилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

730