Жалал-Абадда Көк-Арт дарыясында суунун деңгээли кескин түрдө көтөрүлүп, бир нече тосмого кооптуулук жаралды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсыкты алдын алуу максатында ӨКМнин министринин орун басары Эделбек Кулматов жана ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Закиров Абдулнасир облустагы түзүмдүк бөлүктөрдүн башчыларына ыкчам чара кабыл алуу тапшырмасын койду.
Андан сырткары президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев кырдаалды жеринен көрүп, тосмо бекемдөөгө жумшалуучу таш маселесин чечип берүү аракетин көрөрүн билдирди.
Белгилей кетсек, аталган тосмо Ынтымак көпүрөсүн жана 4, 10-дамбаны сактап калуу максатында курулган.