7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Берешендик береке алып келет». Өзгөндө ата-энесиз калган балдардын үй-бүлөсүнө азык-түлүк таратылды

564

Өзгөн районунун борбордук мечитинде Өзгөн райондук хатибияты «Жакшылык үчүн биримдик» фонду менен биргеликте ата-энеси жок балдардын үй-бүлөлөрүнө 50 даана азык-түлүк баштыкчаларын таратты. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук иш-чарасы «Жакшылык үчүн биримдик» фонду тарабынан каржыланып, жеринде тапшырылды.

«Берешендик береке алып келет. Ушундай ыйык Рамазан айында муктаждарды сүйүнтүү биз үчүн чоң сыймык. Азык-түлүктөрдөн ун, май, кум шекер, эт, картөшкө, сабиз, пияз, кесме жана туз берилди. Колдоо көрсөткөн «Жакшылык үчүн биримдик» фондунун эмгек жамаатына ыраазычылык билдирем», – деди Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

565