7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бакыт Төрөбаев: Артыкчылыктуу багытыбыз Камбар-Ата-1 ГЭСин, күн жана шамал станцияларын куруу

755

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Électricité de France» компаниясынын Россия Федерациясындагы жана КМШ мамлекеттериндеги өкүлчүлүгүнүн директору Лоран Паганон жана Франция Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга президенттин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов да катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары белгилегендей, Кыргызстан энергетика тармагындагы, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке ашыруу долбоорлоруна катышууга кызыкдар инвесторлордун сунуштарына ачык.

«Бизде 142 млрд киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Биздин артыкчылыктуу багытыбыз – Камбар-Ата-1 ГЭСин, чакан ГЭСтерди, ошондой эле күн жана шамал станцияларын куруу. Биз «жашыл экономика» долбоорлорун өнүктүрүүгө кызыкдарбыз», — деди Бакыт Төрөбаев.

Алмаз Исанов кошумчалагандай, 2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасында «жашыл», санариптик жана креативдүү экономикаларды өнүктүрүү боюнча негизги багыттар көрсөтүлгөн. Анын айтымында, Министрлер Кабинети «жашыл экономика» тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүүгө умтулууда.

«Électricité de France» өкүлчүлүгүнүн директору Лоран Паганон энергетика тармагындагы долбоорлор боюнча, атап айтканда, ири ГЭСтерди куруу боюнча кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары кызматташуу маселелерин иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүү чечимине келишти.

Белгилей кетсек, Électricité de France (Электрисите́ де Франс) — француз электр энергетикалык компаниясы. EDF Европада, Түштүк Америкада, Түндүк Америкада, Азияда, Жакынкы Чыгышта жана Африкада 120+ гигаватт кубаттуулуктагы түрдүү портфелди башкарат. 2009-жылы EDF дүйнөдөгү эң ири электр энергиясын өндүрүүчү катары таанылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

756