7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эдил Байсалов АКШ Мамкатчысынын орун басары менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты

685

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов АКШ Мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары маселеси боюнча орун басары Узра Зея жетектеген делегация менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, пикир алышууда эки өлкө ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү келечеги талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары президент Садыр Жапаров тарабынан  жарандардын бакубаттуулугун, ички саясий абалды жакшыртуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар, адам укугу жаатындагы жетишкендиктер тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде Мамлекеттик катчынын орун басары Узра Зея АКШнын Кыргызстан менен өз ара мамилелерди чыңдоого болгон умтулуусун белгиледи. Ал кызматташуу жөнүндө жаңы келишимге кол коюуга даярдыгын билдирип, өлкөлөр ортосундагы демократиялык укуктар маселеси боюнча өз ара мамилелердин жаңы баракчасын ачты.

Эдил Байсалов биздин өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерди, адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерин, мыйзам үстөмдүгүн жактай тургандыгын белгилеп, ошондой эле өлкө жетекчилигинин АКШ менен кызматташууну активдештирүүгө даярдыгын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

686