7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Борттогу товардын баасы 13 млн сомго жакын. Аба кемесин декларациялабоо фактысы аныкталды

689

«Манас» бажысынын кызматкерлери 13 миллион сомго аба кемелеринин декларацияланбаган фактысын аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 26-30-июлунда Кыргызстандын аймагына Пакистан-Бишкек маршруту боюнча рейстери менен “А.М.Э” ЖЧКсынын дарегине “AVRO 146 –RJ85” эки аба кемеси келгендиги аныкталган. Борттогу товарлардын наркы 12 971 063,27 сомду түзгөн.

«ЕАЭБдин мыйзамдарына ылайык, товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштыруу менен байланыштуу бажы операцияларын жүргүзүү каралган. Аталган аба кемелерине карата келген учурдан баштап кандайдыр бир бажы операциялары жүргүзүлгөн эмес»,- деп берилет маалыматта.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестерине АМС маалыматтык электрондук журналга катталып, материалдар ведомстволугуна караштуулугу боюнча Башкы прокуратурасына берилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

690